Кыргыз-Тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн топографиялык топтору жолугушат. Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушуу 10-15-февраль аралыгында өтөт.

Белгилүү болгондой, тараптардын жетишкен макулдашуусуна ылайык, топографиялык жумушчу топтордун кезектеги жолугушуусу Кыргыз жергесинде өткөрүлөт.

“Кыргыз мамлекетинин топографиялык жумушчу тобун президенттин администрациясынын министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев жетектейт.

Өкмөттүк делегациялардын топографиялык жумушчу топторунун ишинин натыйжасында 2021-жылдын 1-майынан бүгүнкү күнгө чейин мамлекеттик чек аранын 81 чакырымдан ашык сызыктары такталган.

Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасынын сызыгын сүрөттөөдө 1924-жылдагы, 1927-жылдагы жана 1989-жылдагы документтер да колдонулат”,  дешти маалымат кызматынан.