Дүйнөгө жаралган күндөн  тартып, жашоо менен күрөшүү башталат. Сенин абалыңа, аракетиңе жараша сыноолор астыңдан тооруп, жашоо агымы менен жүрүп отурасың. Кызыгы, алдыда сени кандай жагдай, кайсы сыноо күтүп турганы.

Мен айылда, тээ тоо боорунда, үйдүн эң кичинеси, эркеси болуп чоңойдум. Айткандарым ишке ашып, атамдын колтугунан чыкчу эмесмин. Менден улуу агаларым, эжелерим атам жокто какыс-кукус кыр көрсөткөнү  менен дайыма көңүлүмө карап эркелетип турушчу. “Үйдүн кенжеси” деген статус мага өтө жага турган, жада калса сыймыктанар элем.

Бой жетип чоңоюп, окууну аяктасам деле бир туугандарым, ата-энем баягыдай кичине кыз  көрүшчү. Шаарда экинчи байкем турат. Жогорку окуу жайга окуганы келгенде атамдын бир эле сөзү менен  байкемдин үйүндө жашап калдым. Мен студент болгону айылдан бат-баттан эт, картошка, кымыз, курут келе турган болду. Байкем менен жеңем:

-Сен келгени жашообуз  оңолуп калды, айылдан азык келип. Окууну бүтсөң кантебиз, — деп тамашалай турган.

Үчүнчү курска көчкөндө көпчүлүк  балдар кыздар жумушка орношуп, ата-энесинин колун карабай, өз алдынча иштеп башташты. Алардын аракети мага да шык берип, кыздарга кошулуп, кафеде официант болуп ишке кирдим. Колума бир аз  тыйын кармап, үйгө кээде таттууларды алып келем. Анда да агам тамашалайт:

-Жөн эле окууңду окусан боло, атаң билсе урушат го, эркетайы иштегинин угуп, — деп калат.

Жумуш кызыктуу, жалаң жаштар иштейбиз. Ар кандай кишилер келет. Айрымдар ашыкча тыйын калтырып кетсе тим эле кубанабыз. Күндө келип тамактанып жүргөн кардарларды таанып да калат экенсиң.

Бир ирет, арык чырай апапак жигит келип четки орундукка отурду. Колунда кармаган ноутбугу бар экен. Жанына барып буюртма ала баштадым. Эмнегедир мага күлүп карап, менюдагы жазылган салат, тамактарды узун колу  менен гана көрсөтүп койду.

-Болду ушулар элеби, -деп карап калсам.  Жылмайып койду.

Кардардын ушул жылмаюусу жүрөгүмө  кандайдыр бир жылуулук бергенсиди. Ал тамактанып бүткөн соң, ноутбугунан бир нерселерди жазып, саатын карады да туруп жөнөдү. Ал кеткен соң столду сүртүп жатсам, салфеткага “жылдыздуу экенсиз” деп жазып калтырыптыр. Ага күлүп эле маани бербедим. Ал жигит эртеси да келди, кечээгидей эле колу менен көрсөтүп,  кайра эле ноутбугуна карап иштеп жатты. Бирок, кетээрде кайра салфеткага “мүмкүн болсо сиз менен таанышсам болобу? Номериңизди бере аласызбы”,  деп жазып  калтырыптыр. Аны окуп кызыктай болдум. Ушунча болду романтик болбой түз эле сурай бербейби деп ойлоп койдум.

Үчүнчү күнү келгенде сыр бербей  күндө берген буюртмасын айттырбай эле алып барып бердим. Тамактанып болгон соң, жылмайып колума кичинекей барак карматты да колун булгалап чыгып кетти.

Кагазды ачсам, “сиз  мага аябай жагысыз, сизди көрүү үчүн күн сайын ушул жерге келем”,  деп жазыптыр.

Ошентип ал жигит менен жакындан тааныштык, аты Адилет экен. Бирок, бир эле кемчилиги сүйлөбөйт экен, аябай билимдүү жигит. Соода тармактардын биринде телефон, компьютер оңдойт экен. Күн өткөн сайын жакын болуп, колумдан телефон түшпөй экөөбүз кечке сүйлөшөбүз. Ал тамактанганы келсе деле маңдайлашып отуруп телефон аркылуу ой бөлүшүп, пикир алышабыз.  Билинбеген менен өзүм да ага  көнүп баратам. Караганы, тармал чачы, узун колдору апапак жүзү көз алдыман кетепейт. Бир күнү үйдөн  жеңем экөөбүз чай ичип отурсак жазып калды. Каткырып эле өзүнчө бактылуу болуп жазыша баштадым. Жеңем байкап калдыбы, жайыма койбой сурап туруп алды. Акыры баарын айттым. Жеңем:

-Билимдүү жигит турбайбы. Азыр элдин баары телефон менен сүйлөшүп калган. Эгер экөөңөр чындап жакшы көрүшүп калсаңар эмне үчүн болбосун. Бирок… — деп токтоп калды.

-Эмне бирок… жеңе… кептин баары ошол «бирокто» болуп жатат. Мен жакшы көргөн менен атам менен апамды билесиз. Бул келечеги жок сезим. Сезимге берилип, мамилебиз татаалдашып кете электе токтотуу керекмин, — дедим.

-Андай болсо, Адилетке үмүт бергениң жакшы эмес кыз. Кебетесинен жазгандарынан бир жакшы жигит көрүнөт. Ичпесе, чекпесе…, — деп ойлонуп калды.

Кеч боло электе баарын айтам Адилетке. Бирок, мамилени токтотолу, биз бирге боло албайбыз  деппи,  кантип айтам,  сен сүйлөбөгөн үчүн деппи? Тарбиясы жакшы, тетири баспаган бала.

Билинбеген менен сезимге алдырмак тургай, эбак кеч болуп бүткөн окшойт коштошууга. Канча аракет кылсам да көңүлүм көксөп, жазбай калса, жолукпай калсам издей берем, энесин жоготкон улактай болуп. Бирок, мени ойлонткон ата-энем. Кичинемден айтканымды аткарган атам, бул сунушума эч качан макул болбосо керек. Азыр мен ой туманында жүрөм. Жүрөгүм коё бербейт. Кокус башка менен көрүп калсам асманым үзүлүп жерге түшөрү анык. Кандай кылсам, баарын убакыт көрсөтөт деп убакытка шылтап коюп жатам… Чын мен аны жоготуудан корком…

 

Жазгул Баяналиева

Бул макала “Kadam-media.kg” маалыматтык порталынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.