Бул тууралуу саясат таануучу Денис Бердаков Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, пандемиядан 2 жыл өткөндөн кийин, эң ири соода-экономикалык өнөктөшүбүз менен “кыймыл” акыры башталды.

“Кыргыз делегациясынын Кытайга болгон маанилүү иш сапары аяктады. Жогорку деңгээлдеги жолугушуулар болду. Пандемиядан 2 жыл өткөндөн кийин, эң ири соода-экономикалык өнөктөшүбүз менен “кыймыл” акыры башталды.

Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаров менен Кытайдын Төрагасы Си Цзиньпиндин жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду.

— Кыргызстандан Кытайга сояны экспорттоо боюнча протокол;

— Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен КЭР Маданият жана туризм министрлигинин ортосундагы 2021-2024-жылдарга маданий кызматташтык программасы;

-Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Басма сөз жана полиграфия мамлекеттик администрациясынын ортосунда классикалык улуттук адабияттын маанилүү чыгармаларын өз ара которуу жана басып чыгаруу долбоорун ишке ашыруу жөнүндө Протокол ;

-Кыргыз Республикасынын Улуттук статистикалык комитети менен КЭР Улуттук статистикалык бюросунун ортосундагы статистика тармагында өз ара түшүнүшүү жана кызматташуу жөнүндө меморандум;

-Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги менен КЭР Коммерция министрлигинин ортосундагы “жашыл” өнүктүрүү чөйрөсүндө инвестициялык кызматташтыкты тереңдетүү боюнча өз ара түшүнүшүү меморандуму;

-Циндао жана Бишкек шаарларынын ортосундагы жакшыртуу долбоорун ишке ашырууга көмөк көрсөтүү боюнча меморандум.

Эмне маанилүү:

Кыргыз тарап Кыргызстандан Кытайга электр энергиясын экспорттоо мүмкүнчүлүгүн изилдөөнү сунуштады. Кытай тарап өз кезегинде бул сунушту изилдей турганын билдирди.

Бул жерде кеп Нарында Кара-Кечедеги КӨМҮР ГЭСтерин курууга олуттуу инвестицияларды тартуу жана дарыянын жээгиндеги ГЭСтердин тармагына мумкун болгон инвестициялар женунде болуп жатат.

Негизги суроо боюнча:

Кытай Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушун колдойт жана кыргыз тарап менен медицина, жакырчылык менен күрөшүү, кесиптик билим берүүнү жакшыртуу, эне-баланы коргоо жаатында кызматташууну кеңейтүүгө даяр.

Кытай Кыргызстанга жогорку окуу жай курууну көздөп жатат.

Кыскача айтканда: старт жасалды, бирок, Кытай өтө татаал жана деталдуу сүйлөшүүчү, нюанстар жана милдеттенмелер боюнча максималдуу көңүл бурат. Бирок биз үчүн негизги долбоорлорго андан ары талкуулоо жана деталдуу изилдөө үчүн мүмкүндүк алынганына кубанычтамын», — деген ал.