Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, жаңы мыйзамды аткарууга республика боюнча маалымдоо жана түшүндүрүү иштери толук кандуу жүргүзүлбөгөндүктөн көп ишкерлер кабарсыз калган же болбосо жетишүүгө үлгүргөн эмес.

«2022-жылдын 18-январында “Кыргыз Республикасынын Салык кодексин колдонууга киргизүү” жөнүндө Мыйзам кабыл алынган. Ал мыйзамда атайын Салык кызматына салык төлөө режимин тандоо боюнча, салык төлөөчүлөргө 15 жумуш  күндүн (2 жума) ичинде бирдиктүү же жалпы салык төлөө режимин негизинде салык төлөөчү жеке ишкерлер катталган жерине арыз менен кайрылып, салык режимин тандоо үчүн өткөөл мезгил каралган. Андан сырткары 2022-жылдын 28-январында Салык кызматы тарабынан арыздарды кабыл алуу аяктаган.

Жогоруда аталган мыйзамды аткарууга республика боюнча маалымдоо жана түшүндүрүү иштери толук кандуу жүргүзүлбөгөндүктөн көп ишкерлер кабарсыз калган же болбосо жетишүүгө үлгүргөн эмес. Өтө ыкчам жана аз күндүн ичинде кабыл алынган арыздардын мөөнөтүн узартып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүсүн тиешелүү тармактарга кайрылып талап кылам!», — деген эл өкүлү.