Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө акча каражатын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 245-беренесинин 1-бөлүмү (Коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу) боюнча Кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, Бишкек шаарынын мэриясы менен биргеликте Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүндө акча каражатын уурдоо боюнча коррупциялык схема аныкталды.

Тактап айтканда, «Бишкек жашыл чарба» муниципалдык ишканасынын башкы бухгалтери А.Э.О. жана бухгалтер А.А. белгиленген нормадан ашыкча эмгек акыны мыйзамсыз чегерүү максатында бухгалтердик документтерди (коштоочу каттарды, эмгек акынын ведомостторун ж.б.) системалуу түрдө жасалмалап, анын негизинде мамлекеттик бюджетке 800 миң сом өлчөмүндө зыян келтиришкен.

Бул факт боюнча УКМК кылмыш ишин козгоп, тергөөнүн жүрүшүндө жогорудагы мыйзамсыз аракеттер документтештирилип, кылмышка тиешеси бар А.Э.О. күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Ошондой эле, жүргүзүлгөн тергөө иш-чараларынын алкагында келтирилген зыян күнөөлүү адамдар тарабынан толугу менен толтурулган.

Азыркы убакта ишти сотко өткөрүп берүү үчүн тергөө иштери аяктап жатат.