Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2022-жылы 39 миллиард 528,2 миллион сом жумшоо пландалып жатат. Бул тууралуу өлкөнүн бекитилген бюджетинде айтылат.
Көрсөтүлгөн сумманын 26 миллиард 681,5 миллиону тышкы карыздан кутулууга, калганы ички бересеге сарпталат.
2005-жылдан баштап көрсөтүлгөн ачык маалыматтарга караганда, бул жылы мамлекеттик карызды тейлөөгө рекорддук сумма жумшалганы турат.
Эске салсак, 2020-жылы мамлекеттик карыздан кутулууга 30,7 миллиард сом сарпталган. Ал эми былтыр бул максатка 37,3 миллиард сом жумшоо пландалып, бирок кийин айрым карыздар боюнча кутулуу мөөнөтү узартылган. Жыйынтыгында ноябрь айында төлөнгөн каражаттын көлөмү 28,2 миллиард сомду түзгөн.

Мамлекеттик карыздын көлөмү

2021-жылдын октябрь айындагы маалымат боюнча, мамлекеттик карыз 4,9 миллиард доллар болчу. Анын ичинен 720 миллиону ички карызга туура келет.
Булак: Спутник кж