Анталиядагы Муратпаша муниципалитетине караштуу Гузелобан кичи районунда жайгашкан Чыңгыз Айтматов атындагы сейил багында улуу кыргыз жазуучусунун эстелиги салтанаттуу түрдө ачылды. Бул тууралуу түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Ачылыш аземге Муратпаш мэриясынын вице-мэри Хусейн Сары, Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин кеңешчиси Урмат Усенов, коомдук ишмер Кеңешбек Алян уулу, Түркиядан жана Кыргызстандан келген коноктор катышты.

Маалым болгондой, эстеликти орнотуу журналист Барно Усманованын демилгеси. Аны Бообек Арыков жасаган, ишти Кеңешбек Алян уулу каржылаган.