Президент Садыр Жапаров борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев менен бирге Ош базарына барып, соодагерлер менен жолугушту. Жолугушуунун видеосу Фейсбукта жарыяланды.

Мамлекет башчынын басма сөз катчысы Эрбол Султанбаевдин айтымында, иш сапары кассалык машиналарды (ККМ) орнотууга байланыштуу.

«Президент соодагерлер менен жеке жолугуп, базардын кызматкерлери менен жеринде ККМ боюнча сүйлөшүүнү чечти», — деди Эрбол Султанбаев.

Ошондой эле Садыр Жапаров буга чейин «Дордой» базарына барганы белгилүү болду.

Белгилей кетсек, базардын ишкерлери кассалык аппараттарды милдеттүү орнотууга каршы митингге чыгышкан. Митингге “Дордойдун” сатуучулары, Дордой, Токмак соодагерлери жана башка ишкерлер чыгышты.