Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту борбор калаанын экс-мэри Азиз Суракматовго карата кылмыш ишин токтотту.

Соттон билдиргендей, айыпталуучунун жактоочусу январь айынын аягында жоопкерчиликке тартуу мөөнөтүнүн бүткөнүнө байланыштуу кылмыш ишин токтотуу тууралуу өтүнүчүн келтирлген. Суракматов тергөө менен кызматашуунун алкагында мамлекетке 170 млн сом материалдык чыгымды төлөгөн. Сот жактоочунун ишти токтотуу тууралуу өтүнүчүн канааттандырды.

Эскерте кетсек, буга чейин Биринчи май райондук соту аны 26-июлга чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин тергөө абак жайына камаган.

УКМКга ал коррупция жана мыйзамсыз баюу фактысы менен кармалганын билдирген.