Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февральда, Бишкек шаарында жайгашкан “Дордой” соода-базар комплексине жана “Ош базарына” барып, ишкерлер менен көзмө-көз сүйлөшүп, контролдук-кассалык машина (ККМ) системасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулады жана түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Возможно, это изображение (один или несколько человек, люди стоят и толпа)

Садыр Жапаров “Дордой” базарынын ишмердүүлүгү менен таанышуу учурунда ишкерлер менен баарлашып, ККМ ишке киргизүү боюнча алардын ой-пикирин угуп, аларды тынчсыздандырган суроолорго жооп берди.

Возможно, это изображение (2 человека и люди стоят)

Возможно, это изображение (3 человека, люди стоят, люди гуляют и толпа)

Президент жарандардын ККМди киргизүүнү эмне үчүн колдобой жаткандыгы боюнча пикирлерин угуп, мындай жагдай маалымдоо-түшүндүрүү иштеринин жетишсиздигинен келип чыкканын, ошондуктан ККМдин максаттары туура эмес чечмеленип жатканын белгиледи.

“Бул демилге контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды ташып келүүдөн кутулуу үчүн көтөрүлүп жатканын түшүнүшүңүздөр керек. Бизде ишкерлердин эсебинен киреше табуу же алардын эсебинен өлкөнүн бюджетин толтуруу тапшырмасы жок. Тескерисинче, мамлекет алардын иштөөсүнө шарт түзүп берүүдө. Ата мекендик экономиканын 40% көмүскөдө калганын айтып, аны ал жактан алып чыгып, ошол эле учурда кичи жана орто бизнес жабыркабасын деп жатабыз. Эгер мурда ККМди ишкер өзү сатып алышы керек болсо, азыр алар бюджеттин эсебинен алынат, ишкерлердин ыңгайлуу иштөөсү үчүн акысыз уюлдук тиркемелер болот”, — деп түшүндүрдү Садыр Жапаров.

Возможно, это изображение (3 человека и люди стоят)

Возможно, это изображение (4 человека и люди стоят)

Мамлекет башчысы акча жүгүртүүсү аз ишкерлер смартфонундагы мобилдик тиркеме аркылуу иштей ала турганын түшүндүрдү. ККМ ири соода борборлору үчүн милдеттүү болот. Акча жүгүртүүсү 8 млн сомго чейинки чакан ишканалар салыктан бошотулат, болгону ККМ колдонуу керек.

“Эгерде сиздердин түшкөн акча 8 млн сомго чейин жетпесе, анда эч нерсе төлөбөйсүздөр — патент да, салык да. Эгерде, киреше көп болуп жана 30 млн сомго чейин жетсе, анда ишмердүүлүктүн өзгөчөлүгүнө жараша чендин ар кыл вариантын карап атабыз. Учурда иш тобу иш алып барып, алар чакан бизнестин өкүлдөрү үчүн контролдук-кассалык машинаны киргизүүнүн жеке шарттарын иштеп чыгууда”, — деди Садыр Жапаров.

Ишкерлер өз кезегинде маалымдуулуктун жетишсиздигинен улам көп нерсени түшүнбөй, ошондуктан бул жаңылыкка ишенбестик менен карашканын ырасташты. Бирок жалпысынан алардын көбү ККМ системасын киргизүүнүн артыкчылыктарын угуп, аны менен иштөөгө даярдыгын билдиришти. Ошону менен бирге, алар контролдук-кассалык машиналарды киргизүүдө чекене жана дүң соода сегментин, ошондой эле сатылып жаткан товарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алуу керектигин белгилешти.

Возможно, это изображение (5 человек, люди стоят и в помещении)

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев билдиргендей, бул системаны киргизүү атаандаштык үчүн бирдей шарттарды түзүүгө жана бизнестин ачыктыгын жогорулатууга оң таасирин тийгизет. Жакынкы аралыкта 10 миң ККМ аппараттары сатылып алынууда. Буга чейин пилоттук долбоордун алкагында 10 миңи сатылып алынган, учурда Россия дагы 30 миң ККМ берип жатат. Ошентип, жалпысынан Бишкек шаарындагы ишкерлердин негизги бөлүгү камсыздалат.

Андан соң, мамлекет башчысы “Ош базарына” барып, ал жерде ККМ системасын ишке киргизүүнүн абалы менен таанышты. Мындан тышкары, Садыр Жапаров азык-түлүктөрдүн баалары, текчелерге коюлган товарлардын ассортименти менен таанышып, базарга келгендер, сатуучулар менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берди, ошондой эле нан азыктарын сатып алды.

Базарга келгендер жана сатуучулар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, президент Садыр Жапаровго жеке мүнөздөгү суроолорун бере алышты. Мамлекет башчысы ар бирин угуп, тиешелүү мамлекеттик органдарга шаардыктардын айткан өтүнүчтөрүн көзөмөлгө алууну тапшырды.

Возможно, это изображение (4 человека и люди стоят)