Бүгүн, 8-февралда, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун катышуусунда Бишкек шаарында жаңы райондук электр тармагы — «Түндүк» РЭТи ишке кирди. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысы жаңы «Түндүк» райондук электр тармагынын иши менен таанышып, имаратты көрүп чыгып, энергетиктер менен баарлашты.

Президент Садыр Жапаровго РЭСтин иштөө принциби көрсөтүлүп, кичи SCADA системасы, ГИС географиялык маалымат тутуму жана абоненттердин суроо-талаптарын сапаттуу тейлөөгө арналган колл-борбор программасы көрсөтүлдү. Бул системалар реалдуу убакыт режиминде күнүмдүк электр энергиясынын колдонулушуна жана процесстерге мониторинг жасоого, электр жабдууларын картадан табууга мүмкүндүк берет.

Түндүк РЭТинин өндүрүштүк базасынын курулушу 2021-жылдын октябрында башталып, үч айда бүткөрүлгөн. «Түндүк» РЭСтин курулушу толугу менен «Түндүк электр» ААК эсебинен жүргүзүлдү.

Бул РЭТ Ден Сяопин/Фучик/ Жибек Жолу проспектиси/Профсоюзный көчөлөрү чектешкен аймакты, Түндүк айланма жолунун аймагын тейлейт. Андан тышкары Достук, Аска-Таш, Көлмө, Жеңиш, Ак-Босого, Хабитат, Ак-Тилек, Красный строитель, Келечек, Мурас Ордо, Калыс Ордо, Нуркожо Ата, Дордой, Эне-Сай жаңы конуштарынын керектөөчүлөрүн электр энергиясы менен камсыз кыл т.

Бүгүнкү күндө Бишкекти тейлеп жаткан Батыш жана Чыгыш РЭТтери, керектөөчүлөрдү электр энергиясы менен камсыз кылууда чоң жоопкерчилик алууда. Жаңы Түндүк РЭТинин ишке берилиши аталган конуштарда жашаган керектөөчүлөрдү, ошондой эле бул аймактагы жайгашкан өнөр жай жана соода объектилерин үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздайт жана тейлөөнүн сапатын жакшыртып, натыйжалуулугун жогорулатат. Жаңы РЭТ 50 миңден ашык абонентти тейлейт.

 

РЭТ абоненттерди сапаттуу тейлөө үчүн электр энергиясын эсептөөдө санариптик технологиялар колдонулган заманбап дистанциялык борбор менен жабдылып, «Түндүк электр» ААК электр тармактарына туташтырылган.

Жергиликтүү тургундар жана энергетиктердин алдында сүйлөп жатып, Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда эгемендүүлүктү алгандан бери өлкөнүн энергетиктери биринчи жолу өз күчтөрү менен кыска мөөнөттө жаңы райондук электр тармагы — «Түндүк» РЭТти куруп, ал ишке киргизилип жатканын белгиледи.

Ошондой эле, Мамлекет башчысы бүгүнкү күндө энергетиктердин өз күчү менен көмөкчордондор да курулуп, ишке берилип жатканын кошумчалады. Бир айдан кийин ушундай эле РЭТ курулушу Ошто башталат.

«Дагы да болсо өлкө боюнча өтө жогорку деңгээлдеги муктаждыктарыбыз бар. Эң акыркы он беш жылдан бери бир дагы ушундай көмөкчордондор өз күчүбүз менен курулган эмес, бир дагы РЭСибиз курулган эмес. Электр энергияны сырттан импорттоп келгенбиз. Мына бүгүн дагы импорттоп алып келип жатабыз. Өзүбүздө ГЭС курган эмеспиз. Мындан ары эми ГЭСтерди куруу маселесин алгылыктуу тема кылып, алдыдагы жылдарда энергетикалык кризистен чыгабыз», — деди ал.

Садыр Жапаров Кыргызстан электроэнергияны импорттоочу өлкөдөн экспорттоочу өлкөгө айланышы үчүн тынымсыз аракеттер көрүлүп жатканын белгиледи. Кыргызстандын энергетиктери дагы күн-түн дебей иш алып барууда.

Президент 1-апрелден тарта бюджеттик тармактын кызматкерлеринин, анын ичинде мугалимдердин, милиционерлердин жана энергетиктердин айлык акысын көтөрүү планы тууралуу айтып берди.

Мамлекет башчысы буга чейин Кыргызстан электроэнергияны жогорулатылган баада — киловатын 5 сомдон сатып алып келгенин, ал элге 77 тыйындан төлөп, ортодогу айырма бюджеттен төлөнүп келгенин эске салды.

Садыр Жапаров белгилегендей, коңшу Өзбекстан жана Казакстанга болгон сапарынын жүрүшүндө импорттолгон электроэнергиянын баасын төмөндөтүү боюнча макулдашуу жетишилди.

«Биз энергетика системасындагы саясатты өзгөрттүк. Бир топ өзгөрүүлөргө барып атабыз, дагы барабыз. Азыр ички инвесторлорубуз дагы 100 мегаватка чейин чакан ГЭСтерди куруп атышат. Бизде өлкө боюнча 200дөн ашык орунубуз бар. Ал жакта чакан жана ири ГЭСтерди курабыз. Биз инвесторлорго кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берип, мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди Президент Садыр Жапаров.

Андан соң Мамлекет башчысы Ак-Босого конушунун жашоочуларынын суроолоруна жооп берди.

Жергиликтүү тургундар социалдык объектилердин, анын ичинде оорукананын, мектеп жана бала бакчанын курулушу, коомдук транспорт менен камсыздоо, жолдорду оңдоо, аймакты газдаштыруу, ошондой эле инженердик коммуникацияларды куруу жана укук белгилөөчү документтерди алуу маселелерине кызыгышты.

Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарынын мэриясына жана башка мамлекеттик органдарга конуштун жашоочулары тарабынан көтөрүлгөн маселелерди чечүүнү тапшырды.