Автоунаалардын терезелерин караңгылатуу акысын 30-50 миң сомдун тегерегинде кылуу пландалууда. Бул туурасында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев ЖКнын Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында билдирди.

Аталган комитет бүгүн машиналардын алдыңкы каптал айнектерин караңгылатууга уруксат берүү мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

«Автоунаа терезелерин караңгылатуу акысы 30-50 миң сомдун тегерегинде болот деп жатабыз. Уруксат кагазы бир жылдык мөөнөткө берилет. Машинаны саткан учурда жаңы ээси мөөнөтү бүткөнчө айдап жүрө берет, эгер кийинки жылга караңгылатуу акысын төлөбөсө, сыйрып таштайт. Биз Казакстан менен Тажикстандын практикасын карап жатабыз. Ошондой эле Казакстанга чыкса дагы сыйрыш керек болот. Анткени алардын ички мыйзамы буга жол бербейт. Ал эми Өзбекстан менен Тажикстанда уруксат берүү маселесин карайбыз. Анүчүн эки өлкө бири-биринин сертификаттарын таанышы керек болот», — деди Амангелдиев.

Мындан сырткары, министр коомдук көзөмөлдүү күчөтүү үчүн терезеси караңгылатылган унаалар CarCheck порталына киргизилерин белгиледи. Мыйзам долбоорунун максаты — легалдаштыруу жана коррупциялык тобокелчиликтерди азайтуу.

Жол кыйымылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын жетекчиси Азамат Исраилов караңгылатууга жеңил автоунааларга гана уруксат берилерин билдирди. Жүргүнчү жана жүк ташыгандар колдоно албайт. Ал эми мекеменин маалымат кызматы караңгылатууга автокөлүктүн чыккан жылы боюнча эч кандай чектөө жок экенин айтты.

Аны менен катар Исраилов учурда терезесин караңгылаткандарга 5 500 сом айып салынарын айтып, анын көлөмүн эки эсеге көбөйтүү каралып жатканын белгиледи.