КР Билим берүү жана илим министрлиги Кыргызстандын эң мыкты мектептерин тандоону баштады. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 8-февралда билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн конференция өткөрдү. Анда Жусупбекова мыкты мектептерди тандоонун максаты тууралуу айтып берип, «мыкты практикаларды, мыкты мугалимдердин тажрыйбасын үйрөнүү керек» экенин баса белгиледи.

Жумушчу топ министрликтин 2022-жылдын 4-февралындагы №107/1 буйругуна жана «Кыргыз Республикасынын мыкты мектептерин тандоо жөнүндө» жобого ылайык өзүнүн окутуу, билим берүү кызматтарын өнүктүрүү, заманбап окуу-методикалык комплекстерин, анын ичинде электрондук билим берүү булактарын түзүү жана пайдалануу тажрыйбасын, ийгиликтерин көрсөтүп бере турган мектептердин өтүнмөлөрүн карап чыгат.

Белгиленгендей, тандалган мыкты мектептердин презентациялары Билим берүү жана илим министрлигинин интернет-ресурстарына жайгаштырылат.

Министрлик тандоо тартиби тууралуу кошумча маалыматты ведомствонун мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү бөлүмүнүн адиси Салтанат Өмүркановадан алууга болорун (иш тел.: 0312 661046) эскертет.