Кара-Суу районундагы № 83 Алишер Новои мектебинин мугалими 8-класстын окуучусунун бутун сындыра тепкени үчүн кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош облустук ИИБнын маалымат кызматынын жетекчиси Жеңиш Аширбаев билдирди.

Бул окуя боюнча жүргүзүлгөн соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы менен мугалим И.У.га КР Кылмыш жаза кодексинин 131-беренесинин 2-бөлүмүндөгү 3-пунктуна (денеге атайылап оор эмес зыян келтирүү) ылайык, кылмыш иши козголду.

“Учурда шектүүгө айыбы угузулуп, бөгөт чарасы катары эч жакка кетпөө тууралуу тил кат алынды”, — деди Аширбаев.

Ушул жылдын 26-январында, дене тарбия мугалими (ал өзү мектеп директору да болгон) сабак учурунда окуучуну сабакка катышуусун талап кылып, бутуна тепкен. Андан баланын тизеси сынганы айтылат. Мындан улам окуучу ооруканага түшкөн. Ал эми мугалим мектеп директору болгондуктан, өз арызын жазып, иштен кеткени кабарланган.