2022-жылдын 9-февралында «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунда жүргүнчүлөрдүн санын көбөйтүү, жүргүнчүлөргө ыңгайлуу шарттарды түзүү, узатуу жана тосуп алуу максатында курулган жаңы күтүү залынын ачылышы болуп өттү. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ачылыш аземине транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев, президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев, Ысык-Көл районунун администрациясынын башчысы – аким Калыбек Жумадылов, «МЭА» ААК башкармалыгынын төрагасы Бакыт Шаршеев жана ишкана жетекчилери катышты.

Аэропорттун басма сөз кызматынан белгилешкендей, объекттин курулушу 2021-жылдын 7-октябрында башталган. Имараттын жалпы аянты 372 чарчы метрди түзөт. Күтүү залында эне-бала бөлмөсү бар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн шарттар түзүлгөн.

«2021-жылы «Ысык-Көл» эл аралык аэропортунун өндүрүштүк көрсөткүчтөрү бир нече эсеге өстү. Алсак, 2019-жылга салыштырмалуу каттамдардын саны 4,3 эсеге, жүргүнчүлөрдү ташуу 6,9 эсеге өскөн. Буга байланыштуу мурда жок болгон күтүү залынын имаратын куруу чечими кабыл алынган, анткени аэропорт негизинен жайкы туристтик сезондо гана иштеп келген», — деди Бакыт Шаршеев.

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Мирбек Кожоев «МЭА» ААКнын эмгек жамаатын куттуктап, алардын эмгеги үчүн ыраазычылык билдирди.

«Ысык-Көл облусун өнүктүрүүдө аэропортторду реконструкциялоо жана модернизациялоо маанилүү роль ойнойт. Анткени, биздин облус туризмдин борбору. Андыктан, туристтерди жакшы шарттар жана инфраструктура менен тосуп алуу абдан маанилүү. Ошондой эле, жакын арада «Каракол» аэропорту модернизациялануу алдында турганы бизди кубандырды. Бул чындыгында туризмди өнүктүрүү үчүн керек», — деп билдирген Мирбек Кожоев, жалпы жамаатка мындан ары дагы өнүгүүнү каалады.

«Менин оюмча, бүгүнкү күн авиаторлор үчүн гана эмес, биринчи кезекте жүргүнчүлөр жана туристтер үчүн чоң мааниге ээ. «МЭА» ААК жетекчилигинин ыкчам иш алып баргандыгы үчүн ыраазычылык билдирем. Кыска убакыттын ичинде жаңы күтүү залынын курулушун бүтүрдүңүздөр. Жалпы жамаатка ийгиликтерди гана каалайм”,- деди транспорт жана коммуникациялар министринин биринчи орун басары Алмаз Тургунбаев.

Өз кезегинде Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Калыбек Жумадылов, райондук администрациянын тапшырмасы менен жол боюна эки транспорттук аялдама куруларын белгиледи.

Маалымат үчүн: «Ысык-Көл» эл аралык аэропорту Тамчы айылынан 5 км алыстыкта жайгашкан жана ИКАО классификациясы боюнча 4D классындагы аэродромдорго кирет. Аэропортто атайын даярдалган персонал, ошондой эле учактарды жерде тейлөө үчүн тиешелүү атайын техника жана перрондук механика бар. 2021-жылдын башында «Ысык-Көл» аэропортун туристтик сезонго даярдоонун алкагында жана өз алдынча жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулуктарды түзүүнүн алкагында, ал 163 чарчы метрге кеңейтилген. Учурдагы аэробекет комплексинин жалпы аянты 986 чарчы метрге барабар. Аэропортко 2003-жылдын 1-августунда «Эл аралык аэропорт» статусу берилген.