ИИМдин “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору Рустам Джокоевдин демилгеси менен мекеменин Бишкек шаардык бөлүмүнө айдоочулук күбөлүк алуучуларды сүрөткө тартып каттоо үчүн дагы эки кошумча тейлөөчү кабина кошулду.
“Унаа” мамлекттик мекемесинин маалымат кызматы билдиргендей, мындай аракеттер калкты тейлөө сапатын жакшыртуу максатында ишке ашып жатат. Буга чейин төрт кызматкер болсо, эми алты кызматкер тейлей баштады.
Белгилей кетсек, акыркы убактарда айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сүрөткө түшүүгө кезекке тургандардын саны өсүп кеткен. Мындан улам шаардыктар жаңы жетекчиге кайрылуу жасап, дагы эки тейлөөчү кызматкер кошуп берүүсүн өтүнүшкөн. Мекеменин директору көйгөйдү чечүүгө дароо көңүл буруп, тийиштүү кызматкерлерге тапшырма берип шаардыктардын өтүнүчүн аткарды.
Азыркы учурда кызматкерлер толук кандуу кардарларды тейлеп жатат.