Бүгүн, үстүбүздөгү жылдын 9-февралында Азербайжан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Гандилов Латиф Сейфаддин оглы сылыктык менен Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине келди.

Улан Ниязбеков элчини кызматка жаңы дайындалышы менен куттуктап, Азербайжан Республикасынын ортосундагы коопсуздук жаатындагы мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

“Сизди Ички иштер министрлигинде тосуп, биздин таанышканыбызга кубанычтамын. Азербайжан Республикасынын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси — жогорку кызматка дайындалгандыгы боюнча куттуктоону кабыл алыңыздар”, — деди Улан Ниязбеков.

Мындан тышкары, ИИМ башчысы бүгүнкү күндө тилекке каршы, кылмыш дүйнөсү маалыматтык-технологиялык өнүгүшүнө байланыштуу технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн жигердүү колдонуп жаткандыгын белгиледи.

Акыркы жылдары болуп өткөн окуялардын негизинде терроризм жана экстремизм коркунучу Борбордук Азия аймагында барган сайын актуалдуу болуп баратат. Ушуга байланыштуу, республиканын укук коргоо органдарынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экстремизм жана терроризм фактыларына бирдиктүү күч-аракеттерди түзүү жана укук коргоо органдарынын алар менен күрөшүүдө өз ара аракеттенүүсүн чыңдоо аркылуу так жол бербөө болуп саналаарын маалымдады.
Өз кезегинде Элчи Гандилов Латиф Сейфаддин оглы ички иштер министрине жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, биздин биргелешкен кызматташуубуз коопсуздук жаатындагы байланыштарды бекемдөө үчүн жемиштүү негиз түзөт деп ишендирди.

Жолугушуу жылуу жана достук маанайда өттү.

ИИМдин Басма сөз кызматы