Депутат Чолпон Султанбекова министрлер кабинетинен оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салууну алып салууну суранды. Бул тууралуу ал бүгүн, 9-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Эл өкүлүнүн айтымында, жол кырсыктары оң рулдуу автоунаалардын айынан көп катталып жаткан жок. Статистика боюнча, авариялардын 60 пайызы жол эрежесин билбегендиктен болот.

«Бүгүнкү күндө кыргызстандыктар Япониядан машина алып келе албайт. Буга байланыштуу алар Армения, Абхазия, Грузия сыяктуу үчүнчү өлкөдөн сатып алууга аргасыз болууда. Бирок алардын техникалык абалы жан кейитерлик. Эски унаалар экологияны бузуп жатат. Эл дагы эскини оңдоодон, күйүүчү майдан акчасын үнөмдөмөк. Андыктан бул маселени министрлер кабинетинде көтөрүп, ойлонуп көрүңүздөр. Бул чектөөнү алып салыш керек деп ойлойм», — деди Султанбекова.

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев эгер Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо боюнча ыйгарым укуктуу органдар тийишүү сунуштама берсе, карап көрүүгө даяр экенин билдирди.»Экология дагы жабыркап жатат. Биздин жарандардын абалын билесиңер. Күйүүчү майга жана оңдоо иштерине кеткен чыгым арзандамак», — деп баса белгиледи ал.

Экономика министрлигинин башчысы эгер Ички иштер министрлиги тиешелүү сунуш киргизсе, ведомство кароого даяр экенин билдирди.