Өткөн суткада 107 кишиден коронавирус аныкталып, 279 бейтап айыкты. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.
Жуктургандар:

Бишкек шаары – 44;

Ош шаары – 1;

Чүй облусу – 43;

Ош облусу – 1;

Нарын облусу – 1;

Ысык-Көл облусу – 12;

Жалал-Абад облусу – 2;

Баткен облусу – 3.

Ушуну менен өлкөдө илдет илештиргендердин жалпы саны 199 821ге жетти. Анын ичинен 191 958 адам ооруну жеңген.
Тилекке каршы, кечээтен бери дарт төрт бейтаптын өмүрүн алган. Алардын бардыгы вакцина албаганы айтылды.
Азыркы тапта ооруканада 653 бейтап дарыланып жатса, 2 738 адам медициналык жардамды амбулатордук шартта алып жатканы маалым болду. Ооруканадагылардын ичинен 268 кишинин абалы оор, 56 бейтаптын өтө оор деп бааланды.