“CHINA ROAD” жол куруу ишканасынын ишенимдүү өкүлү 1977-жылы туулган А.К. жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылып, бул ишкана 2021-жылдын 10-ноябрдан 12-ноябрь күндөрдүн аралыгында “Жалал-Абад-Балыкчы” жолун куруп жаткан учурда, Балыкчы-Жалал-Абад унаа жолунун 364-чакырымында, тактап айтканда Сузак районунун Курманбек а/а Калмак-Кырчын айылынан өткөн жолдо курулган көпүрөнүн темирлерин белгисиз адамдар тарабынан уурдап кеткендигин билдирген. Натыйжада, “CHINA ROAD” жол куруу ишканасы 200 000 (эки жүз) миң зыян тарткан.

Аталган факт 2022-жылдын 18-январь күнү Сузак РИИБнин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-бер. 2-бөлүмүнүн (уурулук) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө иштери башталган.
Тергөө иштеринин жүрүшүндө Сузак районунун Курманбек а/а Калмак-Кырчын айылынан өткөн “Жалал-Абад-Казарман” унаа жолунун 364-чакырымында автоунаа өтүүчү көпүрө курулуп, аталган көпүрө Калмак-Кырчын айылынан 2 чакырым алыстыкта калктуу конуш жок жерде жайгашкандыгы, ошондой эле, аталган көпүрөнүн каптал тарабындагы узуну 2,80 метр, туурасы 30 см. болгон темирлери жок тургандыгы боюнча кароо жүргүзүлүп, аталган айылдын тургундары суралып, тергөө иштери жүрүп жатат.

Аталган факт боюнча кылмыш ишинин бетин ачуу максатында тергөө тапшырмалары берилип, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп жатат.

Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы