Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Жаңы-Жол айылына жеке ишкер бала бакча куруп берди. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Каныбек Туманбаев тарабынан курулган имарат 100 орунга ылайыкташкан жана жакынкы күндөрү ачылат. Курулушка аталган айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 4 млн сом каралган.

Ушул эле жеке ишкер Кербен шаарынын Жетиген айылында да 22 млн сомго 100 орундуу бала бакча салды. Объект жакынкы күндөрү пайдаланууга берилет.

Булак: Чындык медиа