Франциянын президенти Эммануэль Макрон президент Владимир Путин менен сүйлөшүүгө келгенде Орусияда коронавируска ПТР тестин тапшыруудан баш тартты, ошондуктан алардын ортосунда аралык сакталды, деп «Reuters» агенттиги Франциянын президентине жакын эки булакка шилтеме берип билдирди. Тактап айтканда, сүйлөшүүлөр учурунда президенттер төрт метрлик үстөлгө отурганы да ушундан улам болгонун мекемеден белгилешти.

Агенттиктин  маектештеринин айтымында, Макронго тандоо сунушталган: сыноодон өтүү жана Путин менен кыска аралыкта сүйлөшө алуу же баш тартуу же коопсуз аралыкты сактоо.

«Биз бул кол алышпоо жана  узун үстөл дегенди билдирерин жакшы түшүндүк. Бирок биз аларга президенттин ДНКсын алууга уруксат бере алган жокпуз”, — деп билдирди булактардын бири Рейтер агенттигине.

Рейтер агенттигинин маектештеринин бири Макрон Орусияга учаар алдында Францияда ПТР тестинен өткөнүн, ошондой эле келгенде антиген тестинен өткөнүн белгиледи. Бул тестирлөө анын жеке дарыгери тарабынан жүргүзүлгөн.

Буга чейин Орусия президентинин өкүлү Дмитрий Песков президенттердин ортосундагы аралыкты сактоону коронавируска каршы чаралар менен түшүндүргөн. «Эпидемиологиялык чаралар» деп түшүндүрдү ал «Rise» басылмасына комментарийде.

Путин менен Макрондун Москвадагы сүйлөшүүлөрү 7-февралда болуп, алар беш сааттан ашык убакытка созулду.