Коом
Лейлектеги кыргыз-тажик чек арасында курулуштун айынан чыр чыкты
УКМКнын Чек ара кызматы бүгүн, 11-февралда, кыргыз-тажик чек арасында жергиликтүү тургундардын ортосунда чыр чыкканын кабарлады.
Маалыматка ылайык, Лейлек районуна караштуу Максат айылынын жанында кыргыз тарап чарбалык жумуштарын башташкан. Ошол учурда Тажикстандын 15-20 жараны чогулуп, чарбалык иштерди токтотууну талап кылышкан. Мындан тышкары, Тажикстандын жарандары өздөрү чек аранын тактала элек тилкесиндеги тосмонун пайдубалын куюуга даярдык иштерин баштаган.
«Чыр-чатактын күчөшүнө жол бербөө максатында эки өлкөнүн чек ара ведомстволорунун аймактык башкармалыктарынын жетекчилери телефон аркылуу сүйлөшүшкөн. Натыйжада эки тарап тең бул тилкедеги бардык иштерди токтотууга макулдашышты. Чогулган жарандар тарап кетишти», — деп айтылат маалыматта.
Саат 17:00гө карата кыргыз-тажик чек ара аймагындагы кырдаал туруктуу экени белгиленди.