Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев КР Улуттук статистикалык комитетинин коллегиясына катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы кабарлады.

Жыйындын жүрүшүндө Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Бактыбек Кудайбергенов ведомствонун өткөн жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы жана 2022-жылга пландары тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде Арзыбек Кожошев белгилегендей, өлкөнүн социалдык-экономикалык жактан натыйжалуу өнүгүүсү расмий статистикалык маалыматтарды өз убагында алуу жана талдоо зарылчылыгы менен байланыштуу.

Ал кошумчалагандай, 2021-жылдын 22-октябрында 2022-жылы калкты каттоого даярдык көрүү жана аны өткөрүү чечими кабыл алынган.

«Алдыдагы калкты жана турак жай фондун каттоо биринчи жолу каттоочулар тарабынан мобилдик тиркемени пайдалануу аркылуу электрондук форматта өткөрүлөт. Бул республикалык маанидеги масштабдуу иш-чараны тийиштүү деңгээлде өткөрүшүбүз керек», — деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары.

Соңунда Арзыбек Кожошев калкты каттоону өткөрүү, статистиканы мындан ары өркүндөтүү, анын ичинде улуттук статистикалык системаны санариптештирүү боюнча ишти күчтөндүрүүнү тапшырып, ведомствонун иштен өзгөчөлөнгөн кызматкерлерине министрлер кабинетинин атынан алкыш каттарын тапшырды.