Кечээ,  11-февралда Ооганстандын батышындагы Бадгис провинциясынын административдик борбору Кала-и-Нау шаарындагы мечиттин жанында жардыруу болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, 8 адам каза болуп, дагы 20 адам жаракат алган. Бул тууралуу Aamaj News маалымат агенттиги билдирди.

Белгиленгендей, жардыруучу зат мечиттен чыга бериште жарылган.

«Күбөлөрдүн айтымында, бүгүнкү жардыруу динчилдер жума намаздан кийин Кала-и-Нау мечитинен чыгып баратканда жарылды», — деп айтылат маалыматта.

Азырынча террористтик топтордун бири дагы болгон окуя үчүн жоопкерчиликти ала элек.