Бүгүн, 14-февралда, Молдомуса Конгантиев менен коштошуу зыйнаты  Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтүүдө.

Маалыматка ылайык, акыркы сапарга узатуу  зыйнатына бир катар мамлекеттик кызматкерлер, коомдук ишмерлер, күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү катышууда.

Эске салсак, ал 12-февралда Ош шаарында күтүүсүздөн каза болгон. Жакындарынын айтымында, Молдомуса Конгантиевдин капыстан жүрөгү токтоп калган.