2022-жылдын 4-10-февраль күндөрү Бишкек шаарынын аймагында 5 миң 558 жол эрежелерин бузуу фактылары аныкталды.
Милициянын кайгуул кызматынан кабарлашкандай, алардын ичинен:
— мас абалында автоунаа башкаруу — 92;
— автоунаанын алдыңкы жана каптал терезелерин караңгылатып айдоо — 12;
— айдоочулук кубөлүгү жок автоунаа башкаруу — 47;
— техникалык каражаттарды каттоо эрежесин бузуу — 146;
— автоунааны техникалык бузуулары менен башкаруу — 5;
— жөө жүргүнчүлөр жана велосипедчендер катышкан жол эрежелерин бузуулар — 192;
— башка жол эрежелерин бузуулар — 5 064. Ал эми ар кандай жол эрежесин бузган 538 автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулду.