Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жол долбоорун ишке ашыруу үчүн үч өлкөнүн тиешелүү кызматтары тыгыз байланышта иштеп жатышат. Бул тууралуу Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Ду Дэвэн жергиликтүү  агенттиктерге курган маегинде маалымдады.
Анын айтымында, Бээжиндеги кыргыз-кытай мамлекет башчыларынын жолугушуусунда темир жол негизги маселелердин бири катары каралган.
“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу боюнча кытай тараптын позициясы активдүү жана ачык экенин дагы бир жолу баса белгилегим келет. Бээжиндеги жолугушууда эки өлкөнүн башчылары темир жолдун курулушун илгерилетүү боюнча өздөрүнүн позициясын дагы бир жолу билдиришти”, — деди элчи.
20 жылдан ашуун убакыттан бери Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу сөз жүзүндө гана калып келет. Адистер темир жол Борбор Азия үчүн экономикалык-стратегиялык мааниси чоң экендигин белгилешет. Бул жолу Кыргыз Өкмөтү темир жолду куруу боюнча тиешелүү документтердин бардыгын Кытай тараптын кароосуна жөнөткөнүн маалымдаган.