Журналист Сайрагүл Дуулатова Аламүдүн райондук милиция кызматкерлерине ыраазычылыгын билдирди. ИИМдин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, журналисттин атасы дайынсыз жоголуп, милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттери менен  аман-эсен табылган.

“Урматтуу Улан Омоканович! Сизге жана сиздин кол алдыңыздагы милиция кызматкерлерине терең ыраазычылык билдиребиз.

Атабыз Садык Дуулатов, жогорку билимдүү экономист-бухгалтер, партиялык жана мамлекеттик кызматтарда 40 жылдан ашык убакыт эмгектенип, ардактуу эс алууга чыккан. Акыркы жылдары ден соолугу начарлап, Альцгеймер оорусу менен жабыркайт.  Оорунун тийгзген таасири менен үйдөн чыккан боюнча,  31-январдан 4-февралга чейин, 4 сутка дайынсыз жоголду. Атабызды өз алдыбызча издөө натыйжа бербегендиктен, жашаган дарек боюнча Аламүдүн РИИБине арыз менен кайрылдык. Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Нурланбек Эркинбаев жана анын жамаатынын ыкчам аракетинин натыйжасында атам аман-эсен табылды.

Үй-бүлөбүздүн атынан Нурланбек Эркинбаевге, жамаатына терең ыраазычылык билдиребиз. Ар дайым элибиздин кызматында жүрө бериңиздер. Урматыбыз менен Дуулатовдордун үй-бүлөсү”, — деп жазылат журналисттин ыраазычылык катында.