Социалдык тармактын колдонуучулары акылду сагызгандын таштандыларды алып келип, атайын бөлүнгөн идишке салып, анын ордуна тамак-аш алып жатканын көрүп таң калышты.

Канаттуунун бул кадамына көпчүлүк ыраазычылык билдиргени менен, айрымдар бул атайын үйрөтүлгөн сагызган деген да пикирлерин жазышты.  Анткени тасмадан сагызгандын таштандылар менен бирге банк карточкасын алып келгенин көрүүгө болот.

Ал эми экинчи тарап, мындай ыкма менен экологияны таза сактап, канаттуларга кам көрүүгө болот деген.