Дарыгерлердин айлыгын 1-апрелден тарта 50 же 100 пайызга көтөрүү пландалууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, минималдуу 50%, мүмкүн болсо 100%га чейин көтөрүлөт.

“Учурда участкалык дарыгердин айлыгы 10 миң сомду түзөт. Бирок эмгек стажына үстөк акыларды кошкондо 15-20 миң сомго жакын акча алышат. Калган дарыгерлердин айлыгы 7,5 миң сомду түзөт жана башка төлөмдөр менен 13 миң сомдон 15 миң сомго чейин алышат”, — деди министр.