Экинчи кабаттан сыртты карап турам. Күздүн сары жалбырактары эрке шамалга каалгый учуп жерге түшөт. Ушул жерде туруу үчүн, ушул күндү көрүү үчүн башымдан кандай гана күндөр өтпөдү.  Кандай гана сыноо келбесин сабырдуулук менен көтөрө билип, балдарымды атасыз өстүрсөм да башка жагынан кем кылбадым.

Тагдыр экен, түгөйүм менен 6 жыл эң бактылуу күндөрдү өткөрдүк. Көзүмө карап турчу. Балким ал аз өмүр сүрөөрүн сезип жүрсө керек. Бирок, ал ошол жылдар аралагында мага бир да катуу айтпады. Балдарга дайыма акыл айтып апаңарды сыйлагыла деп турчу. Шум ажал атабызды арабыздан алып кеткенине туура 30 жыл болду.  Ошондо жаңы төрөлгөн кызым  азыр 30 га чыкты.  Очор-бачар базар болуп балдары менен келип кубантып кетет. Эки уулум, эр жетип, апа деп көзүмө карап турат.

Үч балам кор болбосун деп турмушка чыкпадым.  Ар убак  аталары жакшы адам болгонун эске салып анын жакшы жактарын айтып турдум. Кыйналган учурда жолдошумду түшүмө кир деп жалынып, түшүмдө кадимкидей акылдашып, сүйлөшүп турам.

Мага өзгөчө көңүл оорутуп, жан кейиткени айылдагы адамдардын мамилеси болду. Жолдошум каза болгон соң, балдар эс тартканча мал кармап балдарды мектепке окутуп жашап калдым.  Кайын агам, кайын эжелерим карашып турушту. Жалгыз бой аялдарга болгон кызыктай мамилени, акыл эстүү эле, буга чейин таанып, билип, той-топурда бирге жүргөн аялдар ажыдаарга айланып күйөөлөрүн кызганып чыкканында көрдүм.  Менин моюнума жүктөлгөн балдарды чоңойтуу, эч кимден кем кылбай окутуу жүктөлгөн. Башымды бийик кармап, үйгө кирип аял эшикте эркек болуп жашап келдим. Ал аялдар андай арам ойлорду кайдан табат билбейм. Эсимде бир ирет ире-шире шам аралаш албууттанып Нүргүл жеңе келе жатат.

— Эй шуркуя, эриңди жутканың аз келгенсип, башкалардын тагдырын буза баштадыңбы? Чыгар эримди үйүңдөн, — деп келе жатат айгай салып. Жаңы эле уй саап чыгып келе жаткам. Колумда чака толо сүт.

Дагы жакшы кайынагамдар бизге жанаша жашашат. Нүргүл жеңенин үнүн уккан абысыным менен кайынагам жетип келишти. Оозуна ак ит кирип, кара ит чыккан Нүргүл жеңе мени каргап жатты. Ошол кезде, кайынагам чыдабай кетти өңдөнөт:

— Нүргүл! жаагыңды жап, болбосо азыр айры менен курсагыңды жарып салам. Сага ким айтты сенин эриң биздин келиндин үйүндө дегенди. Акылыңа кел да, Аскардын үйүн кара, сен кызганган эргулуң ошол жерде акчага карта ойноп уттуруп отурат, — деп каттуу айтты.

Бир саамга токтоп, кызганычтан акылын жоготкон Нүргүл жеңе Аскар кошунанын үйүн көздөй  кобуранган бойдон бет алды. Абысыным жакасын кармап:

-Кудай сакта ушундай аялдардан. Акмак, сөз деп эле ажылдай береби, — деп калды.

Түнү менен уктай албадым. Ыза болдум, ыйладым. Таңга жуук көзүм илинип уктап кетиптирмин. Түшүмдө жолдошум башымдан сылап, «сен асыл адамсың, ак никелүү, ак жүргөн адамсың. Капа болбо. Сен балдарды жакшы кара» деп  жатыптыр. Чоочуп туруп сен болсоң ушундай болмок эмес эле деп шыбырап көзүмдөн жаш мончоктор кулап, балдарга билгизбейин деп муздак суу  менен жүзүмдү жуудум.

Мындай окуялар, биз шаарга көчүп кеткенге чейин даалай жолу болуп, артымдан даалай сөз ээрчиди. Бирок баарын угуп, жан дүйнөмдү жанчыбай, ак дилим менен балдардын келечегине кам көрдүм.  Улуу балам мектепти бүткөндө, багып жүргөн малдын баарын  сатып шаардан үй алдык. Бактыма балдарым акылдуу чыгып, мага жардам беришип,  өзүм соодага чыгып тыңып бутка туруп баштадык. Кээде, алган товар өтпөй калып, же суукка тоңуп калып банкрот болгон күндөр да болду. Белимди бекем буудум. Чыдадым. Кудайга шүгүр, эки уулум жогорку билим алып иштеп  жатышат. Экөөнө үй алып бердим, үйлөндүрдүм.  Балдар иштеп баштаганда «апа болду эми өзүңө кара, эми биз сени багалы, бизди деп канча ирет жабыркап, кыйналдың»  деп иштетпей коюшту.

Ойлоп көрсөм, мага окшогон жалгыз бой аялдар баары ушундай баскытчан өтөт өңдүү. Мен билген жалгыз бой энелер бар күчүн салып, балдарын карап азыр төрдө сыйлуу апа. Ал эми айылда ушактан башканы билбегендер дагы деле ошол бойдон. Өткөндө балдарды алып айылга барып атасына куран окутуп келдик. Айылдын дээрлик баары келди. Балдарым атасына татыктуу уул болушту. Мен дүйнөдөгү эң бактылуу апамын…

 

Автор        Жазгүл Баяналиева