Кумтөрдөн салыкты эске албаганда бюджетке 220 млн доллар таза киреше түштү. Бул тууралуу Премьер-министр Акылбек Жапаров бүгүн маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кумтөр кени боюнча канадалык компания менен сүйлөшүүлөр аягына чыгайын деп калды.

“15-мартка чейин биз алар менен тынч ажырашууну макулдашып бүттүк. Бул боюнча жакынкы аралыкта Садыр Жапаров билдирүү жасайт. Кумтөргө тышкы башкаруучу киргенде анын эсебинде 48 миң доллар бар болчу. Буга чейин эле кыргыздар бул мекемени өздөрүнө алат деген ойлору болгон экен. Бирок алтындын баасы уламдан улам жогорулаган сайын кеткиси келбей жүрчү”, — дейт ал.

Министрлер кабинетинин башчысы Кыргызстан жылды 326-329 миллион долларга чейин киреше менен жапкандыгын айтты.

“Салыкты эске албаганда бюджетке 220 млн доллар таза киреше түштү”, — деди Акылбек Жапаров.