Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 15-февралда, Чүй облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында арматура чыгарууга адистешкен «Азия Сталь» ЖЧКсына барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Мамлекет башчысына үстүбүздөгү жылдын февралында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун (РКӨФ) колдоосу менен ишке кирген өнөр жай ишканасынын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берилди.

«Азия Сталь» ЖЧК биргелешкен ишканасы кыргыз ишкерлери менен индиялык Doshi Technologies Pvt. Ltd компаниясынын катышуусунда түзүлгөн жана РКӨФ колдоосу менен 2021-жылдын июнунда заводду модернизациялоо жана кайра жабдуу иштери башталган.

Модернизациялоонун биринчи этабында «Азия Сталь» ЖЧК кубаттуулугу айына 3 миң тоннага чейин продукцияга даярдалган индукциялык мештин базасында болот эритүүчү цехтин курулушу аяктады, ал арматура заводун чийки зат менен камсыз кылат.

Болот эритүүчү цехтин ишке киргизилиши ишкананын импорттук сырьёдон көз карандылыгын жойду жана арматуранын өздүк наркын бир кыйла арзандатты. Завод СНиПтин бардык талаптарын жана санитардык-экологиялык нормаларды сактоо менен курулган.

Модернизациялоонун экинчи этабында чет элдик инвестор —  индиялык Doshi Technologies Pvt. Ltd компаниясы өндүрүштүк кубаттуулугу айына 15 миң тонна продукцияга чейин жеткен меши менен болот куюучу заводун куруп, ишке киргизет. Темир эритүүчү заводдун курулушун аяктоо 2023-жылга белгиленген.

Биринчи этапта бул заводдун ишке кириши Кыргызстандын арматурага болгон муктаждыгын 10%га чейин жергиликтүү өндүрүштүн эсебинен жабат. Ал эми долбоордун экинчи этабында Кыргыз Республикасынын арматурага болгон муктаждыгынын 60%га чейинкисин жергиликтүү өндүрүштүн эсебинен жабууга болот.

Арматураларды чыгаруучу заводдун ишке киргизилиши курулуш материалдарынын — арматуранын өздүк наркынын импорттук арматурага салыштырмалуу 10%га чейин төмөндөшүнө шарт түзөт. Бул багытта РКӨФ тарабынан сезилээрлик колдоо болду.

Ушул эле жерде Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков РКӨФтүн 2021-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, өткөн жылы Фонд тарабынан өндүрүш, агроөнөр жай комплекси, байланыш жана IT, транспорт, логистика, туризм жана башка тармактардагы 333 долбоор 44,2 млн АКШ долларына каржыланган.

Ишкананын өндүрүш процесси менен таанышуу учурунда 2021/2022-жылдардын күз-кыш мезгилинин башталышы менен өлкөнүн металлургиялык ишканалары электр энергиясы менен камсыздоо көйгөйүнө туш болгону белгиленди.

Энергетикалык кризистин натыйжасында металлургиялык ишканаларга электр энергиясын берүү токтотулган. Ата мекендик өнөр жайды колдоо максатында мамлекет тарабынан электр энергиясын берүү кайрадан жанданып жана ишмердүүлүктүн түрүнө тиешелүү тариф белгиленген. Бул чаралар өлкөнүн бир катар ири металлургия ишканаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылууга мүмкүндүк берди.

Садыр Жапаров мамлекеттик органдарга ишкананын туруктуу иштешин камсыз кылуу үчүн электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыздоону улантууну тапшырды.

Ал ата мекендик ишкерлердин жумуш орундарын түзүү, салык жана социалдык чегерүүлөрү аркылуу өлкөнүн социалдык-экономикалык тармагын өнүктүрүүгө кошкон өзгөчө салымын белгиледи.

Президент Садыр Жапаров бүгүнкү күндө мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири өнөр жай ишканаларын өнүктүрүүнү жана бизнести колдоо экенин белгиледи.