ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын 3-башкармалыгынын ыкчам кызматкерлери башка бирөөнүн зергер буюмдарын уурдап кеткен жаранды кармашты.


2021-жылы борбор калаабыздын тургуну 2020-жылдын аягында болгон уурулук фактысы боюнча милицияга арыз жазып кайрылган.
Анда, жабырлануучу унаанын ичиндеги сумкасынан ири өлчөмдөгү алтын зергер жасалгаларын уурдап кеткен белгисиз жаранды таап, ага карата мыйзам чегинде чара көрүүнү суранган.

Аталган факты “уурдоо” беренеси боюнча катталып, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүп келген.

Маалым болгондой, кылмышкер уурдалган зергер жасалгаларды күрөөканага өткөрүп, андан түшкөн акча каражатын өз кызыкчылыгына колдонуп жүргөн.
Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМдин КИББнын 3-башкармалыгынын кызматкерлери бул кылмыш ишине шектүү катары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган Чүй облусунун тургуну 1989-жылы туулган Ш.Д. аттуу жаранды кармашкан.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынан билдиришкендей, бул жаран уюшкан кылмыштуу топтун активдүү мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат жана «смотрящий» криминалдык макамына ээ.
Кармалган жаран башка кылмыштарга да шектелүүдө.

Учурда ал тергөө абагына камалды.

ИИМдин Басма сөз кызматы