Каракол-Эңилчек унаа жолунун 80-81-чакырымында 14-февраль күнү саат 12:00дөр чамасында көлөмү болжол 6000 куб метр кар көчкү түшүп, унаа жол жабылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, кар көчкүдөн жабыркагандар катталган жок.

Тартылган техникалардын жардамында 14-февраль күнү саат 17:00дө унаа жолу бир тараптуу ачылып, 15-февраль күнү саат 16:00дө жол толугу менен тазаланып ачылган.