2022-жылдын 19-февралында «ЗиЛ» тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү салттуу “Кыргызстан – лыжа жана кышкы эс алуунун өлкөсү – 2022” кайрымдуулук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Иш-чаранын максаты -– Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары таанытуу. Анда лыжа тебүү боюнча мелдеш жана музыкалык номерлер болмокчу.

Чогултулган бардык каражаттар калктын аялуу топторуна колдоо көрсөтүүгө жумшалат.

Иш-чара Маданият министрлигине караштуу Туризм департаменти, министрлер кабинеине караштуу Бизнести өнүктүрүү жана инвестициялар боюнча кеңештин катчылыгы, КРдагы Америкалык Соода палатасы, JIA Бизнес Ассоциациясы, Эл аралык ишкерлер кеӊеши, КРнын жөө жүрүүчүлөр туристтик бирикмеси, «Колдон колго БУ», «Элим барсыңбы?» коомдук кайрымдуулук фонду жана «ЗиЛ» тоо лыжа базасы тарабынан уюштурулмакчы.

Иш-чара 2022-жылдын 19-февралында саат 11:00дө башталат, каалоочулар үчүн кирүү акысыз.