Кыргызстанда жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Мектеп, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын башчысы Марат Үсөналиев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, каттоо 14-февралда башталып, 6-апрелге чейин уланат.

«Катышууну каалагандар онлайн режиминде да, реалдуу режимде да каттала алышат», — дейт Марат Үсөналиев.

Ал ЖРТны каалаган бүтүрүүчүлөр тапшыра алаарын эскертти. «Негизинен булар өлкөнүн жогорку окуу жайларында билимин улантууну каалагандар. Тестти мурунку жылдардын бүтүрүүчүлөрү да тапшыра алышат», — деп кошумчалады бөлүм башчы.

Эске салсак, 2012-жылдан тарта менчигинин түрүнө карабастан республиканын бардык ЖОЖдоруна кабыл алууда тестирлөө милдеттүү болуп калды.