Мындан ары мамлекет чакан ГЭС курууну көздөгөн кыргызстандыктарга зарыл болгон учурда гарант болуп берет алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди.

«Мурда чакан ГЭСтерди куруп жаткандар насыя же башка нерселерге муктаж болуп, финансылык мекемелерге кайрылганда мамлекет аларга гарант болуп берчү эмес. Мунун аркасынан тоскоолдуктар жаралчу. Мындан ары ишкердин каражаты же күрөөсү жетишсиз болуп жатса, мамлекетке жардам сурап кайрылса болот. Биз акчалай дагы колдоо көрсөтүүгө даярбыз», — деди Жапаров.

Ошондой эле, ал Кыргызстан жакын арада өз күчү менен төрт чакан ГЭС курарын билдирди. Мисалы, «Бала-Саруу» Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланса, «Кара-Көл», «Боролдой» жана «Орто-Токой» ГЭСтерине кетчү каражат «Кумтөрдөн» түшкөн кирешеден алынат.

Сөзүнүн соңунда ал чакан ГЭСтин курулушуна 1,5-2 жыл кетерин айтты.