Быйыл “Айыл Банк” аркылуу жылдык 4,5% менен 2 жылдык мөөнөткө насыя түрүндө чарбаларга жана дыйкандарга үрөндөр берилет. Бул тууралуу парламенттин жыйынында КР айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков билдирди.

Анын айтымында, бул насыядан алынган каражат Айыл чарба министрлигине караштуу Үрөндү өнүктүрүү фондунун атайын эсебине которулуп, үрөндөрдү сатып алууну камсыздоого жумшалат.

“2022-жылы болжолдуу көрсөткүчтөр боюнча жалпы айдоо аянты 1232,6 миң гектарды түзөт, же өткөн жылга салыштырмалуу пайдаланылбаган айдоолорду кыскартуунун эсебинен 6,4 миң гектарга көбөйөт», — деди ал.