Бүгүн, 17-февралда, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Жолдор тайгак жана тоңголок болот.

Кыргызгидромет борбору билдиргендей, батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы Чүй облусунда күндүз -3…+2 градус, Талас облусунда -4…+1 градус болот.

Ысык-Көл облусунда күндүз -1…-6, Нарын облусунда болсо -5…-10 градус суук болот.

Ал эми Ош, Жалал-Абаж жана Баткен облусунда абанын температурасы күндүз -1…+4 градус жылуу болушу ыктымал.

Борбор калаабыз Бишкекте жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз -1…+1 градус болот.