Hands of two men with blue and red boxing gloves bumped their fists over black wall background
Бокс боюнча улуттук курама команда эл аралык «Странджа кубогу — 2022» турнирине катышат. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.
Мелдеш 17-28-февраль күндөрү София шаарында болот.
Курама команданын мүчөлөрү:

Мирлан Түркбай уулу — 48 кг;

Нуржигит Дүйшөбаев — 52 кг;

Жеңишбек Белашаров — 57 кг;

Акылбек Эсенбек уулу — 60 кг;

Жантөрө Ташиев — 63.5 кг;

Сыргак Абдыжапар уулу — 71 кг;

Өмүрбек Маманов — 75 кг;

Эркин Адылбек уулу — 86 кг.

Спортчуларды башкы машыктыруучу Данияр Төлөгөн уулу менен калыс Бекзат Абдурашидов коштоп барат.