Академик, профессор Сабырбек Джумабеков социалдык тармактагы баракчасына жумушу тууралуу төмөнкүдөй билдирүү калтырды:

«Добрый день!

Хочу сообщить вам, что мы продолжаем работать в обычном режиме. Каждый день у меня по 5-6 операций. Затем я провожу обход по отделениям и веду ежедневный приём пациентов по 30-40 человек в день.
Я благодарен тем, кто меня поддерживал и тем, кто необъективно критиковал. Для меня жизнь продолжается в прежнем режиме: пациенты, операции, наука и тд.
Саламатсыздарбы!
Сиздерге билдирип кетким келет, биздин жумушубуз кадимки режимде уланууда. Күн сайын мен 5-6 операция жасаймын. Анан бөлүмдөрдү айланамын, 30-40 бейтаптарды кабыл алып турамын.
Мени колдогондорго жана биздин ишибизди түшүнбөй сын айткандарга да ыраазычылыгымды билдиремин. Мен үчүн жашоо уланууда: бейтаптар, операциялар, илим жана башка иштер жүрүүдө» — деп жазган академик Джумабеков.