Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан 2021-жылдагы өткөрүлгөн орчундуу окуялар боюнча видеоролик даярдалды.

Аталган видеороликте баңги аткезчилерин кармоо жана баңги каналдарына бөгөт коюу боюнча ири операциялар, ошондой эле 2021-жылдагы эл аралык кызматташтык жана баңгичиликти алдын алуу багытындагы жетишкендиктер чагылдырылган.

Кызмат тарабынан 2021-жыл ичинде 435 баңгилик кылмыш аныкталып, мыйзамсыз жүгүртүүдөн 3 тоннага жакын баңгизат каражаттар, психотроптук заттар жана прекурсорлор алынган, анын ичинен:
апийим — 29 кг 997 гр., героин – 9 кг 056 гр., гашиш – 225 кг 778гр., марихуана – 285 кг 671 гр., кара куурай – 306 кг 697 гр., прекурсорлор — 1 т 845 кг. 500 гр., психотроптук заттар – 19 кг 673 гр. кара куурайдын саманы -171 кг 198гр., башка баңгизаттар –73 кг 185 гр.
Кызмат тарабынан 2021-жылы чет мамлекеттердин укук коргоо органдары менен биргеликте баңгизаттарды «тышкы көзөмөлдөгү жеткирүү» ыкмасы менен 5, «ички көзөмөлдөгү жеткирүү» ыкмасы менен 2 атайын операция жүргүзүлгөн.

Урматтуу жарандар! Сизге белгилүү болгон баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү фактылары жөнүндө маалымат (сатуу пункттары; аларды сатууга катышкан жактар; баңгизаттар тууралуу маалымат жайгаштырылган интернет-ресурстар) болсо, ИИМдин БМЖКККнын Нөөмөт бөлүмүнө билдирсеңиздер болот тел.: 0312 66-02-44, 0312 66-06-16

Унчукпай койбоңуз, 102 номерине баңгизаттарды жайылтуу тууралуу билдириңиз!