15-16-февралда Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин жана Казакстандын премьер-министринин орун басары Бахыт Султановдун төрагалыгы алдында эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу боюнча жумушчу топтун биринчи жыйыны өттү.

Анда 21-февралдан тарта Кыргызстандан Орусияга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу транзитин кайрадан жандандырууга казак тарап макулдук берди.

Ал эми Орусия тараптын макулдугун алуу боюнча сүйлөшүүлөр улантылат. Алар макулдук бергенден кийин гана Кыргызстандан Орусияга Казакстандын аймагы аркылуу темир жол транспорту менен жүргүнчүлөрдү үзгүлтүксүз ташуу транзити кайра жанданат.