Бишкектеги эки округда кайра шайлоого катышып жаткан талапкерлердин фондуна 22,9 миллион сом түшүп, анын 16,9 миллион сому үгүт иштерине жумшалды. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Биринчи май округундагы 26 талапкер шайлоо өнөктүгүнө колдонуу үчүн 9,7 миллион чогултуп, бүгүнкү күндө анын 6,7 миллион сомун коротту.

Ал эми Свердлов шайлоо округунан аттанган 25 талапкердин фондуна 13,1 миллион сом түшкөн. Анын ичинен 10,2 миллион сому сарпталды. Мыйзамга ылайык, бир мандаттуу округдан катышып жаткан талапкерлердин шайлоо фонду 10 миллион сомдон ашпашы керек. Талапкер өзүнүн чөнтөгүнөн 1,5 миллион сомго чейин колдонууга мүмкүнчүлүгү бар. Ал эми жеке тараптар 200 миң, юридикалык жактар 3 миллион сомго чейин ыктыярдуу которо алат.