Спорт

Допинг чырына кабылган спортчу Камила Валиева 4-орунду алды

Пекинде өтүп жаткан кышкы Олимпиада оюндарында көркөм муз тебүү боюнча кыз-келиндер арасындагы мелдеш 17-февралда жыйынтыкталды. Анда алтын медалды орусиялык Анна Щербакова жана күмүш медалды анын мекендеши Александра Трусова алды. Коло медалга жапониялык Каори Сакамото ээледи.

Допинг чырына кабылган башка бир орусиялык спортчу Камила Валиева жыйынтыктоочу бөлүктө каталарга жол берип, 4-орунду алып калды. Бийлеп жаткан маалда анын көзүнөн жаш чыгып кетти.

Эл аралык олимпиада комитети эгер Валиева алдыңкы үчтүккө кирсе, Дүйнөлүк антидопинг мекемеси маселени чечкенге чейин медалдарды тапшыруу расмиси өтпөй турарын билдирген болчу. Ал медал албай калганы үчүн оюндан кийин сыйлоо режими уюштурулду.

8-февралда Эл аралык допинг агенттигинин (WADA) Стокголмдогу лабораториясы орусиялык спортчу Камила Валиеванын тестинде тыюу салынган триметазидин бар болуп чыкканын билдирген. Ошондон кийин ал Орусиянын агенттиги (РУСАДА) тарабынан шарттуу түрдө мелдештерден четтетилген. Валиева ал чечимди дисциплинардык комитетте талашып, жарышка даярдануу уруксаты берилген. Кийин Спорттук арбитраждык Валиевага Бээжиндеги Кышкы Олимпиада оюндарына катышууга уруксат берген.

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button