Журналист Семетей Талас уулу кармалды. Бул тууралуу анын кесиптеши Канышай Мамыркулова фейсбуктагы баракчасына жазды.

Маалыматты жубайы Айым Усубаева да тастыктады. Анын айтымында, алардын үйүнө жарандык кийимчен белгисиз адамдар келишкен, алар өздөрүн тааныштырышкан эмес.  Жубайы журналистти кармап кеткен учурда үйдө өзү жок болгонун, апасы болгонун айтты.

Азырынча журналистти кайсы орган жана эмне себептен алып кеткени белгисиз. Расмий органдардан маалыматты тактоо мүмкүн боло элек.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети жана ИИМ маалымат такталып жатканын билдирди.