Бишкек шаардык мэриясы “Алмазбек Исманкуловдун Көздүн микрохирургиясы”  менен ижара келишимин үздү. Бул тууралуу Бишкек Шаардык Кеңешинин  социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын жыйынында муниципалдык менчикти башкаруу башкармалыгынын башчысынын орун басары Канат Сагынбаев билдирди.

Анын айтымында, клиникага билдирүү жөнөтүлгөн.

«Боштотууга  10 күн берилди», — деди Канат Сагынбаев.

Мындан тышкары, депутаттар шаардык кызматтар жана бөлүмдөр ээлеген билим берүү мекемелериндеги жайларды бошотуу маселесин көтөрүштү.

Кечээ, 17-февралда саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев №6 ооруканага барып, даярдык иштери менен таанышты. Анда министр “Көздүн микрохирургиясы” клиникасын ижарага алып келген корпус коронавирус инфекциясы менен ооруган бейтаптар үчүн “кызыл аймак” катары уюштурула турганын айтты.

Эске салсак, Исманкуловдун клиникасы №2 шаардык оорукананын (мурдагы No6 шаардык клиникалык оорукана) имаратын ижарага алып, борбор калаанын муниципалитетине айына 214 миң сом төлөп турган. 2021-жылы клиника менен ижара келишими үч жылга узартылган, бирок оорукананын жетекчилиги да, саламаттыкты сактоо департаменти да имаратты кайтарып берүү маселесин бир нече жолу көтөрүшкөн, анткени медициналык мекемеде орундар жетишсиз жана бейтаптар күтүүгө аргасыз экенин айтышкан.