Чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар 2022-жылдын февраль айынын аягына чейин Кыргызстандын аймагынан визасы жана каттоосу жок чыгып кете алышат. Бул тууралуу “Манас” эл аралык аэропорту” ААКнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалымата ылайык, 2022-жылдын 1-мартынан тартып аталган категориядагы жарандар тиешелүү документтерди (виза, каттоо) тариздеши керек. Антпесе, мамлекеттин аймагында жүрүү тартибин бузгандыгы үчүн айыппул төлөнгөндөн жана чыгуу визасы таризделгенден кийин гана чыгуусу мүмкүн.

Мындай чечим КР министрлер кабинети тарабынан чет мамлекеттер менен авиа, темир жол жана автоунаа каттамдары жандандырылгандыгын эске алуу менен кабыл алынган.

Эскерте кетсек, дүйнөдө коронавирустук инфекциянын жайылуусуна байланыштуу 2020-жылдын 17-мартында КР өкмөтү тарабынан буйрук кабыл алынып, ага ылайык Кыргызстандын аймагында визалык жана визасыз тартипте жүргөн чет мамлекеттердин жарандары жана жарандыгы жок адамдар өлкө аймагынан чыгуу визаларын тариздебестен жана турган жери боюнча каттоосуз чыгып кете ала тургандыгы белгиленген.

Кыргыз Республикасынын визаларын тариздөө Жобосунда көрсөтүлгөн тиешелүү негиздер бар учурда “Электрондук виза” (evisa.e-gov.kg) порталы аркылуу электрондук түрдө таризделет.